<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
 Кудайдан куттуу күнү кубат алам,
 Кулпунуп чыга келет мага аалам.
 Кур кыял, аракетке алаксыбай,
 Кушубак көңүл менен Сага барам.

[V2]
 Барам да, тилек тилеп, тизе бүгөм,
 Катчудай өзүмө өзүм жибек жүгөн.
 Өзгөчө өкүндүрөт өтмүштөрүм,
 Өзүмчө адам болуп жүргөнсүгөн.

[C1]
   Теңирим, сүйүүң менен жарык кылып,
   Олдоксон ойлорумду каныктырып,
   Карматтың Tүбөлүктүн төп ачкычын,
   Өзүмө Өз өмүрүң салып туруп, салып туруп.

[V3]
 Мен эми Жүзүмзардын жүзү болуп,
 Мезгилдин түшүм берер күзү болуп.
 Төгүлүп төшөлөйүн, Жаратканым,
 Жолдордун Сага барчу түзү болуп.

[V4]
 Ак жашап кир дүйнөдө мөөнөтүмдү,
 Актасам экен, Ата, мээнетиңди.
 Канакей, көр дүйнөдө көкөлөтүп,
 Көрк бере жазган болсом Дөөлөтүңдү!</lyrics>
<title>Сага барам</title>
<author>Токон Бекеева, Ырыс Чо</author>
</song>